# 43-берене. Чет өлкөлөрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн патенттөө

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 43-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-43

---

1. Кыргыз Республикасында жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү чет өлкөлөргө берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү өтүнмө бергенден 3 ай өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдө мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын болушун текшерет, анын натыйжасы боюнча ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн чет өлкөлөрдө патенттөө мүмкүнчүлүгү же мындай патенттөөгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Патенттөөгө тыюу салуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга болот.

2. Кыргыз Республикасында жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө чет өлкөлөргө же эл аралык уюмдарга ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен берилген учурда Кыргыз Республикасында ушул ойлоп табууга. пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө коргоо документи берилбейт.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-44)
