# 41-берене. Талаш-тартыштарды сот тартибинде кароо

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 41-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-41

---

1. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

2. Соттор өз компетенциясына ылайык төмөнкүдөй талаш-тартыштарды карайт:

1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө авторлук жөнүндө;

2) патент берүүнүн укук ченемдүүлүгү жөнүндө;

3) патент ээсин аныктоо жөнүндө;

4) мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө;

5) корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчө укуктун жана патент ээсинин башка мүлктүк укуктарынын бузулушу жөнүндө;

6) ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга лицензиялык келишимдерди түзүү жана аларды аткаруу жөнүндө;

7) мурда пайдалануу укугу жөнүндө;

8) ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган келишимге ылайык иш берүүчү тарабынан авторго сыйакы төлөп берүү жөнүндө;

9) укуктарды коргоого байланыштуу башка талаш-тартыштарды.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-42)
