# 40-берене. Патентти колдонууну калыбына келтирүү. Кийин пайдалануу укугу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 40-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-40

---

1. Эгерде ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулса жана патентти колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнүч каты боюнча алым боюнча карыз жана өтүнүч кат бергендиги үчүн алым төлөнгөн шартта мындай патентти колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар тиешелүү Мамлекеттик реестрге киргизилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланат.

3. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу токтотулган учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык аны калыбына келтирүү датасына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында ушундай чечимди пайдаланган же зарыл болгон даярдыктарды көргөн кандай болбосун жеке же юридикалык жак мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен, аны андан ары акысыз пайдалануу укугун (кийин пайдалануу укугун) сактап калат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-41)
