# 4-берене. Патенттик алым

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 4-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-4

---

1. Ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө патенттерди берүүгө өтүнмө берүү, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө экспертиза жүргүзүү жана патенттерди берүү, аларды күчүндө кармап туруу, алардын колдонуу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн патенттик алым (мындан ары - алым) төлөнөт.

2. Жасалгандыгы үчүн алым төлөнүүчү иш-аракеттердин тизмеги, алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, ошондой эле аны төлөөдөн бошотуунун, өлчөмүн азайтуунун же кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Алым республикалык бюджетке өтүнмө ээси, патент ээси же алар менен макулдашуу боюнча каалаган жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-5)
