# 39-берене. Патентти колдонууну токтотуу, патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 39-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-39

---

1. Патентти колдонуу ушул Мыйзамга ылайык белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин токтотулат.

2. Патентти колдонуу төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды төлөбөгөндө - патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды төлөөгө белгиленген мөөнөт өткөн датадан тартып;

2) патент ээсинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызынын негизинде, эгерде баш тартуу үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын бузбаса - патент ээсинин арызына байланыштуу патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган датадан тартып.

3. Патентти колдонууну токтотуу, мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар тиешелүү Мамлекеттик реестрге киргизилет жана расмий бюллетенде жарыяланат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-40)
