# 35-берене. Өтүнмөлөрдү кайра өзгөртүп түзүү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 35-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-35

---

1. Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин, бирок патент берүү жөнүндө чечимди жөнөткөн датадан кечиктирбестен, өтүнмө ээси тиешелүү арыз берүү аркылуу аны пайдалуу моделге өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүүгө укуктуу.

2. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табуунун өтүнмөсүнө кайра өзгөртүп түзүүнү өтүнмө ээсине пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечимди жөнөткөн датага чейин ишке ашырууга болот.

Аталган кайра өзгөртүп түзүүлөрдө артыкчылык жана биринчи өтүнмөнүн берген датасы сакталат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-36)
