33-берене. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 5-глава
1. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү ушул өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүү оң натыйжа менен бүткөндөн кийин өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берилген же ойлоп табууга эл аралык өтүнмө берилген датадан тартып 30 айдын ичинде берилет, ал эми Евразия патенттик ведомствосу тарабынан улуттук өтүнмөгө өзгөртүлүп түзүлгөн евразия өтүнмөсүнө карата мындай өтүнүч патент берүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул мөөнөт өткөнгө чейин, бирок 2 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Эгерде ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат белгиленген мөөнөттө берилбесе. өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн өтүнүч каттар жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт.
2. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза 18 айдын ичинде жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) техниканын деңгээлин аныктоо үчүн өтүнмө берилген ойлоп табууга карага маалыматтык издөөнү, аны эске алуу менен ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүзөгө ашырылат;
2) өтүнмө берилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келишин текшерүүнү;
3) техниканын ушул жааттагы адиси тарабынан ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган жана аны берген датада келип түшкөн өтүнмөнүн документтериндеги билдирилген ойлоп табуунун маңызын ачуунун жетишерлик экендигин текшерүүнү;
4) өтүнмө берилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бирдиктүүлүк талабына шайкеш келишин текшерүүнү;
5) белгиленген алымдардын туура төлөнүшүн текшерүүнү.
3. Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар формалдуу экспертизадан оң натыйжа менен өткөн ойлоп табууга өтүнмө боюнча техниканын деңгээлин аныктоо үчүн маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, аны эске алуу менен өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүзөгө ашырылат.
4. Маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
5. Ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине тиешелүү кабарлама жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде кайсы ойлоп табуу каралышы керек экендигин билдирүүнү жана зарыл болгон учурда ойлоп табууга өтүнмөнүн документтерине тактоолорду киргизүүнү сунуштайт.
Эгерде өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабын бузгандыгы жөнүндө кабарлама жиберген датадан тартып 3 айдын ичинде ойлоп табуулардын кайсынысын кароо зарыл экендигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, формулада биринчи көрсөтүлгөн ойлоп табуу каралат. Баштапкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер бөлүнгөн өтүнмөлөр катары берилиши мүмкүн.
6. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык кошумча материалдар берилсе, маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө алардын өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.
Эгерде кошумча материалдар ойлоп табуунун формуласына киргизүүгө тиешелүү болгон өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон белгилерди камтыса, кошумча материалдар өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртөт. Өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртүүчү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү кароодо эске алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары таризделиши мүмкүн.
7. Маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын сурап алганга укуктуу.
Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө жана ойлоп табуунун маңызын өзгөртпөстөн берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кошумча материалдарды же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанышат. Бул мөөнөт алымды төлөгөн шартта, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
8. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмө ээси өткөрүп жиберген кошумча материалдарды берүү мөөнөтү алымды төлөгөн шартта, бирок көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
9. Эгерде маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндөгү өтүнмө берилген ойлоп табуу патентке жарамдуулук шарттарына ылайык келет деп белгиленсе, өтүнмө ээси менен макулдашылган ойлоп табуунун формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
10. Өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндөгү өтүнмө берилген сунуштун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келбегендиги аныкталган учурда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
11. Өтүнмө ээси маңызы боюнча экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине аны жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңешке каршы пикирин бере алат. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, ал аны жөнөткөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө сотко доо менен кайрыла алат.
12. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
13. Ойлоп табууга өтүнмө Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде ойлоп табууну каттоо датасына чейин өтүнмө ээси тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелери…Правила · 07.04.2026 · № 228
- Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Правила · 20.02.2019 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.11.2023 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112545/st-33" title="33-берене - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>