# 28-берене. Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 28-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-28

---

1. Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө) бир же бир нече өнөр жай үлгүлөрүнө, бирок Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясынын бир классына кирген 100дөн ашык эмес өнөр жай үлгүлөрүнө таандык болууга тийиш.

2. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин, байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;

2) буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө толук деталдуу элестетип көрсөткөн буюмдун сүрөттөрүнүн топтомун (анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча анын электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин);

3) эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачып көрсөтүү үчүн зарыл болсо, буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, конфекциялык картасын;

4) өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасын.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-29)
