# 27-берене. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 27-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-27

---

1. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - пайдалуу моделге өтүнмө) бир пайдалуу моделге же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан пайдалуу моделдердин тобуна таандык болууга тийиш.

2. Пайдалуу моделге өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) пайдалуу моделдин авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин. байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;

2) пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү, аны толук ачып көрсөтүүчү пайдалуу моделдин сыпаттамасын;

3) пайдалуу моделдин маңызын көрсөтүүчү жана сыпаттамага толук негизделген анын формуласын;

4) пайдалуу моделдин маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелерди жана башка материалдарды, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу менен электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин;

5) рефератты.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-28)
