# 26-берене. Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 26-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-26

---

1. Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - ойлоп табууга өтүнмө) бир ойлоп табууга же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна таандык болууга тийиш.

2. Ойлоп табууга өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) ойлоп табуунун авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерип, электрондук почтасынын дарегин жана телефондун, факстын номерин көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;

2) ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү, аны толук ачып көрсөтүүчү ойлоп табуунун сыпаттамасын;

3) ойлоп табуунун маңызын көрсөтүүчү жана сынаттамага толук негизделген анын формуласын;

4) ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелерди жана башка материалдарды, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин;

5) рефератты.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-27)
