Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-берене. Патент берүүгө өтүнмөгө жана аны кабыл алууга карата жалпы талаптар
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 5-глава
1. Патент берүүгө өтүнмө ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укуктуу жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Өтүнмө электрондук же кагаз түрүндө берилет.
2. Патент берүү жөнүндө өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Чет өлкөлүк өтүнмө ээлери өтүнмөнү мамлекеттик же расмий тилге котормосун тиркөө менен башка тилде бере алат, ансыз өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
3. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө тиешелүү арызды;
2) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө (ойлоп табуу үчүн) же 27-беренесинин 2-бөлүгүндө (пайдалуу модель үчүн) же 28-беренесинин 2-бөлүгүндө (өнөр жай үлгүсү үчүн) көрсөтүлгөн документтерди.
4. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилсе, ишеним кат;
2) өтүнмө жана башка документтер чет тилде берилген учурда, мамлекеттик же расмий тилге котормосу;
3) белгиленген өлчөмдөгү тиешелүү алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ же алымды төлөөдөн бошотуу же болбосо анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер.
5. Алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ өтүнмө бергенде же кошумча алым төлөгөн шартта - 2 айдын ичинде берилет.
Аталган документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген дата ушул Мыйзамдын 29-беренесинин талаптарына ылайык артыкчылыкты белгилөө үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн дата боюнча, ал эми аталган документтер бир убакта берилбесе - эң акыркы келип түшкөн документтин датасы боюнча аныкталат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөнү алгандан кийин иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык кириш каттоо номерин ыйгарат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарлайт.
8. Өтүнмөнүн материалдары купуя болуп саналат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112545/st-25" title="25-берене - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>