# 24-берене. Патентти бузуу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 24-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-24

---

1. Патент менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды сактабастан пайдалануу патентти бузуу деп таанылат.

2. Патент ээси төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) патентти бузууну токтотууну;

2) патенттин бузулушуна күнөөлүү жактын келтирген чыгымдардын, анын ичинде албай калган пайданын ордун толтуруп берүүсүн жана моралдык зыянды компенсациялоону;

3) чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна патент бузуучу алган кирешени төлөтүп алууну;

4) бузуучунун чыгымдардын ордун толтуруунун же кирешени төлөтүп алуунун ордуна сот тарабынан аныкталган суммада компенсация төлөөсүн;

5) жарандык жүгүртүүгө киргизилген же ушул максатта сакталып турган жана патент бузуучу катары таанылган продуктуларды, ошондой эле патентти бузууга атайын арналган каражаттарды өз пайдасына чыгарып алууну;

6) өзүнүн ишкердик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону.

3. Ошондой эле, эгерде бул лицензиялык келишимде каралса, өзгөчө лицензиянын же өзгөчөлүксүз лицензиянын ээси тарабынан да патентти бузуучуга карата талаптар коюлушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-25)
