# 21-берене. Мурда пайдалануу укугу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 21-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-21

---

1. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датага же артыкчылык датасына чейин кандай болбосун жеке же юридикалык жак анын авторуна карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында окшош ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн жараткан жана пайдаланган же ушуга зарыл болгон даярдыкты жасаган болсо, мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен андан ары аны акысыз пайдалануу укугун сактап калат.

2. Мурда пайдалануу укугу жеке же юридикалык жакка окшош чечим пайдаланылган же ага зарыл даярдыктар жасалган өндүрүш менен бирге гана өткөрүлүп берилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-22)
