Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) патент ээси - ойлоп табууга же пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент берилген жак;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иш жүргүзүү - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укуктарды алуу жана тескөө боюнча ушул Мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
3) дата - күн, ай, жып;
4) Евразия патенттик конвенциясы - 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясы;
5) евразия өтүнмөсү - Евразия патенттик конвенциясынын 15 (1)-беренесине ылайык берилген ойлоп табууга евразия патентин алууга өтүнмө жана Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндөгү 1994-жылдын 9-сентябрындагы протоколдун 13-беренесине ылайык берилген өнөр жай үлгүсүнө евразия патентин алууга өтүнмө;
6) өтүнмө ээси - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент суралган жеке же юридикалык жак;
7) өтүнмө - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө;
8) өзгөчө укук - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патентти мыйзамга карама-каршы келбеген ар кандай жол менен өз каалоосу боюнча пайдаланууга болгон патент ээсинин мүлктүк укуктары;
9) эл аралык өтүнмө - Патент кооперациясы жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык, жогоруда аталган келишимдин 22-беренеси менен каралган эрежелерди сактоо менен берилген өтүнмө;
10) Париж конвенциясы - 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы;
11) патенттик ишенимдүү өкүл - патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аттестациядан өткөн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестринде катталган жеке жак;
12) өкүл - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өтүнмө ээсинин, патент ээсинин же башка кызыкдар адамдын кызыкчылыктарын жана укуктарын билдирүүгө ыйгарым укуктуу жеке жак;
13) РСТ (Patent Cooperation Treaty) - 1970-жылдын 19-июнундагы Патенттик кооперация жөнүндө келишим (РСТ);
14) макулдук/уруксат - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патентти үчүнчү жактардын укук чегинде пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү укук ээси же анын ыйгарым укуктуу жагы тарабынан жасалган жазуу жүзүндөгү бүтүм;
15) юридикалык маанилүү иш-аракеттер - ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү, суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу, каршы пикир берүү, өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү, каттоо, жарыялоо, күбөлүк жана анын жупнускасын берүү, ойлоп табууга, пайдалуу моделге патентти күчүндө кармап туруу, өнөр жай үлгүсүнө патенттин мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, интеллектуалдык иштин натыйжаларына өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимди каттоого өтүнмө берүү, өтүп кеткен колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жаатында жасалган иш-аракеттер жана аларды жасаган жак үчүн ушул Мыйзамга ылайык натыйжаларды алып келүүчү башка иш-аракеттер.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)Правила · 22.08.2024 · № 485
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №685 "Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген "Өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген "Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 27.10.2011 · № 685 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112545/st-2" title="2-берене - Патент мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>