# 19-берене. Мажбурлоо лицензиясы

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 19-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-19

---

1. Эгерде ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү патент ээси же аларга укук өткөрүлүп берилген жактар тарабынан патент берилген датадан тартып үч жыл бою пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тийиштүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жетишсиз сунуштоого алып келсе, корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну каалаган жана ага даяр кайсы болбосун жак, патент ээси калыптанган практикага ылайык шарттарда ошол жак менен лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда, аталган объектини пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын ага берүү жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Эгерде патент ээси ойлоп табууну, пайдалуу моделди. өнөр жай үлгүсүн пайдаланбоо же жетишсиз пайдалануу жүйөлүү себептер менен шартталганын далилдей албаса, сот пайдалануунун чегин, төлөмдөрдүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин аныктоо менен аталган лицензияны берет. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган практикага ылайык аныкталган баасынан төмөн эмес белгиленүүгө тийиш.

2. Калыптанган практикага ылайык шарттарда лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан, ойлоп табууга же пайдалуу моделге башка патент ээсинин укуктарын бузбастан ойлоп табууну пайдалана албаган патент ээси, патент башка адамга таандык болгон ойлоп табууга жана пайдалуу моделге карата анын ойлоп табуусу олуттуу экономикалык маанидеги техникалык жетишкендикти билдирген шартта, ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Аталган лицензия берилген учурда сот тарабынан мажбурлоо лицензиясын өзүнө берүүнү талап кылган адам патенттеген ойлоп табууну пайдалануу үчүн зарыл болгон көлөмдө патент башка адамга таандык болгон ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдалануунун чеги, ошондой эле төлөмдөрдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана тартиби аныкталууга тийиш. Мында төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган практикага ылайык аныкталган баасынан төмөн эмес белгиленүүгө тийиш.

3. Өзгөчө абалда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар), ошондой эле коргонуу жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети патент ээсине тиешелүү сыйакы төлөп берүү менен мажбурлоо лицензиясын берүүгө укуктуу. Мында патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун көлөмү жана узактыгы ал уруксат берилген максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыккан талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет.

4. Мажбурлоо лицензиясы дайыма өзгөчөлүксүз лицензия болуп саналат, аны башка жакка өткөрүп берүүгө болбойт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-20)
