# 16-берене. Мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укук

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 16-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укук, эгерде мамлекеттик контракт менен башкача белгиленбесе, анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы болуп чыгуучу Кыргыз Республикасына таандык.

2. Мамлекеттик тапшырыкчы ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоого жөндөмдүү натыйжаны алуу жөнүндө аткаруучу (подрядчы) ага жазуу түрүндө кабарлаган учурдан тартып 6 айдын ичинде патент берүүгө өтүнмө бере алат. Эгерде мамлекеттик тапшырыкчы көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде өтүнмө бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (подрядчы) ээ болот.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга. пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы албаса, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талабы боюнча ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыргыз Республикасынын муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу же продукцияны жеткирип берүү максатында бул ойлоп табуунунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн маалыматтарын пайдаланууга өзгөчөлүксүз бекер лицензия берүүгө милдеттүү.

4. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн патент ээси болбогон авторуна ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык патент алган жак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 17-беренесинин жоболору колдонулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган өзгөчөлүксүз бекер лицензия берүүдө. өзүнүн талабы боюнча ошондой лицензия берилген мамлекеттик тапшырыкчы тарабынан авторго сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик тапшырыкчыга бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен төлөнөт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-17)
