# 14-берене. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн автору

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 14-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-14

---

1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жараткан жеке жак анын автору болуп таанылат.

2. Эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жаратууга бир нече жеке жак катышса, алардын баары анын авторлору болуп эсептелинет. Авторлорго тиешелүү укуктардан пайдалануунун тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

3. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жаратууда өзүнүн жеке чыгармачылык салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана көмөк көрсөткөн же болбосо ага жана аны пайдаланууга укуктарды тариздөөгө гана жардам берген жеке жактар автор катары таанылбайт.

4. Автордук укук мүлктүк эмес ажыратылгыс жеке укук болуп саналат жана мөөнөтсүз корголот.

5. Автор арыз боюнча анын өтүнмөсүн карап чыгуунун кайсы баскычында болбосун ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өз атын же атайын аталышты ыйгарууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-15)
