# 13-берене. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 13-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-13

---

1. Өнөр жай үлгүсү катарында өнөр жайында же кол өнөрчүлүгүндө жасалган буюмдун тышкы түрүнүн чечими корголот.

2. Эгерде өнөр жай үлгүсү маанилүү белгилери боюнча жаңы болсо жана оригиналдуу болсо, ага укуктук коргоо берилет.

3. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык өзгөчөлүктөрүн, ошону менен бирге формасын, конфигурациясын, оймо-чиймесин жана түс айкалышын, сызыктарын, контурларын, буюмдун материалынын текстурасын жана фактурасын аныктоочу белгилер кирет.

Буюмдун техникалык функциясы менен гана шартталган белгилер өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери болуп саналбайт.

4. Өнөр жай үлгүсү эгерде буюмдун тышкы түрүндө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысы өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, өнөр жай үлгүсү артыкчылык алган датасына чейин жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардан белгилүү болбосо, жаңы болуп эсептелет.

5. Өнөр жай үлгүсү эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүгүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, ошону менен бирге өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, өнөр жай үлгүсү артыкчылык алган датасына чейин, дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардан буюмдун сырткы көрүнүшүн көрсөткөн өнөр жай үлгүсү жалпы таасир калтырган, окшош багыттагы буюмдун сырткы көрүнүшүнүн чечими белгилүү болбосо, оригиналдуу болуп эсептелет.

6. Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын жана оригиналдуулугун аныктоодо, мындай өтүнмөлөр чакыртып алынбаган, чакыртып алынган деп эсептелбеген жана таанылбаган шартта, Кыргыз Республикасында ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине башка жактар тарабынан берилген, мурдараак артыкчылык алган өтүнмөлөр эске алынат.

7. Өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү маалыматтын элге ачыкталышы, ушундан улам өтүнмө ээси (анын укук улантуучусу), өнөр жай үлгүсүнүн автору же бул маалыматты алардан түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери жөнүндө маалыматтар; анын ичинде өнөр жай үлгүсүн көргөзмөдө көрсөтүүнүн натыйжасында дагы жалпыга белгилүү болсо, мында өтүнмө аталган маалымат ачыкталган датадан тартып, 6 айдан мурда эмес берилген шартта, патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү жагдай деп таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө ээсине жүктөлөт.

8. Өнөр жай үлгүсү катары төмөнкүлөргө укуктук коргоо берилбейт:

1) бардык белгилери буюмдун жалаң гана техникалык милдеттери менен шартталган чечимдер;

2) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү чечимдер;

3) расмий символдорду, аталыштарды жана айырмалоочу белгилерди же алардын таанылуучу бөлүктөрүн өзүнө камтыган, кайталаган же туураган төмөнкүдөй чечимдер:

- мамлекеттик символдор жана белгилер (желектер, гербдер, ордендер, акча белгилери жана башка символдор жана белгилер);

- эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын желектери. гербдери, башка символдору жана белгилери;

- расмий контролдук, кепилдик же сынамдык энтамгалар, мөөрлөр. сыйлыктар жана башка айырмалоочу белгилер;

4) маданий мурас объекттеринин (этностук жана диний) расмий аталыштарын же сүрөттөрүн же алардын таанылуучу бөлүктөрүн камтыган, кайталаган же туураган чечимдер;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу же каттоого билдирилген жана жарыяланган жана кыйла мурдараак артыкчылык алган же ушундай товардык белгилерди камтыган башка жактардын товардык белгилери менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей чечимдер;

6) эгер тиешелүү чыгармаларга же анын бөлүгүнө укуктар өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылык алган датасына чейин келип чыкса, Кыргыз Республикасынын аймагындагы белгилүү илим, адабият же искусство чыгармаларынын аталыштары, ушундай чыгармалардын персонаждары же цитаталары, искусство чыгармалары же алардын фрагменттери менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей чечимдер, ошондой эле ушундай объекттерди камтыган чечимдер;

7) буюмду керектөөчүнү, анын ичинде буюмду даярдоочуга же буюмдун чыгарылган жерине карата, же бул буюм идиш, таңгак, этикетка катары кызмат кылган товарга карата жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү чечимдер.

9. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунда аталган элементтер, эгерде бул тиешелүү мамлекеттик орган же билдирилген чечим менен кызыкчылыктары бар эл аралык уюм менен макулдашылган болсо, өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.

10. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 4-пунктунда аталган элементтер, эгерде бул тиешелүү мамлекеттик орган же билдирилген чечимде кызыкчылыктары бар эл аралык уюм же тиешелүү маданий мурастын менчик ээси менен макулдашылган болсо, өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.

11. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерге өнөр жай үлгүлөрү катары укуктук коргоо берүү аталган объекттерге укук ээлеринин макулдугу менен жол берилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-14)
