# 10-берене. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктары

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 10-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-10

---

1. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей, ушул Мыйзам менен жана ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен каралган, ошондой эле күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиле принцибинин негизинде укуктарды пайдаланат.

Мында өз ара мамиленин болушун далилдөө милдети аталган принципти пайдаланууну каалаган жакка жүктөлөт.

2. Кыргыз Республикасында жашаган жарандыгы жок жактар эгер ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынан башкача келип чыкпаса, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей, ушул Мыйзам менен жана ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен каралган укуктарды пайдаланышат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-11)
