# 31-берене. Сертификаттоо боюнча органдардын органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 31-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-31

---

Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органды каттоону токтото тура алат же сертификаттоо боюнча органдын реестринен чыгарып кое алат, эгерде ал:

1) органикалык өндүрүштүн операторун органикалык өндүрүштүн принциптерин бузуу менен дискриминацияласа;

2) ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келбеген өндүрүмдү "органикалык", "органикалык заттарды пайдалануу менен жасалган" же "өткөөл мезгилде болгон" катары сертификаттаса;

3) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же башка компетенттүү мамлекеттик органдарга жалган же адаштырууга алып келүүчү маалыматтарды берсе;

4) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук жаратса.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-32)
