# 29-берене. Органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнү токтотуп туруу

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 29-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-29

---

1. "Органикалык" катары сертификатталган өндүрүмдүн органикалык бүтүндүгү бузулган деп эсептөөгө негизи бар органикалык өндүрүштүн операторлору анын жүгүртүлүшүн токтотуп турат жана бул жөнүндө сертификаттоо боюнча органга жана органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.

2. Өндүрүмдү органикалык катары сертификаттаган сертификаттоо боюнча орган шайкеш эместиктер табылган учурда сертификаттын күчүн токтотуп турат жана бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. Шайкеш эместиктер тастыкталган учурда сертификаттоо боюнча орган бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү менен сертификаттын күчүн жокко чыгарат.

3. Эгерде өндүрүм ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербегендиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталса, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүгө чыгарган органикалык өндүрүштүн операторлору өндүрүмдү жүгүртүүдөн чакыртып алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Эгерде органикалык өндүрүштүн оператору ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган аракеттерди көрбөсө, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген талаптарга шайкеш келбеген өндүрүмдү жүгүртүүдөн чакыртып алуу жана алып коюу боюнча чараларды көрөт. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети мында органикалык өндүрүштүн операторуна кошумча зыян тийгизбеши керек.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-30)
