# 21-берене. Органикалык өндүрүмдү импорттоо

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 21-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-21

---

1. Импорттолуучу органикалык өндүрүмдү Кыргыз Республикасында рынокко төмөнкү шартта жүгүртүүгө жол берилет:

1) өндүрүм ушул Мыйзамдын талаптарына жана органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо чөйрөсүндөгү, өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү стандарттарга шайкеш келгенде;

2) өндүрүм аны менен эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуу түзүлгөн экспорттоочу-өлкөнүн, же эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуусу болбогон, бирок Министрлер Кабинети белгилеген тартипте органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган өлкөнүн сертификаттоо боюнча органы тарабынан берилген сертификат менен коштолгондо.

2. Импорттоочулар ташып келүү мөөнөтүнөн баштап берүү чынжырынын кийинки этабына чейин жеткирүүдө органикалык өндүрүмдүн органикалык бүтүндүгүнүн сакталышын камсыз кылат.

3. Органикалык өндүрүмдү ташып келүү эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана сертификаттоонун тутумунун жана эрежелеринин Кыргыз Республикасына органикалык өндүрүмдү экспорттоочу өлкөлөр менен эквиваленттүүлүгүн таануу жол-жобосун кароого тийиш.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-22)
