# 20-берене. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 20-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-20

---

1. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби органикалык өндүрүмдү маркалоодо, презентациялоодо жана жарнамалоодо пайдаланылышы мүмкүн. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

2. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган органикалык өндүрүмдүн улуттук логотибин пайдаланууга мониторинг жүргүзөт.

3. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби этикеткага же органикалык өндүрүмдүн этикеткасынын белгисине төмөнкү шартта киргизилиши мүмкүн:

1) бул логотип "өткөөл мезгилде органикалык өндүрүшкө" деген өндүрүм үчүн колдонулбайт;

2) "органикалык" же "органикалык өнүмдөр" катары белгиленген өндүрүмдөр үчүн колдонулат, бирок "органикалык өнүмдөрдөн даярдалган" катары белгиленген өндүрүм үчүн колдонулбайт.

4. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайкештиги жана сапаты кепилдик катышуу тутуму (PGS) аркылуу тастыкталганын алган өндүрүм үчүн колдонулуучу атайын улуттук логотипти бекиткенге укуктуу.

5. Эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуунун күчүнө туура келген органикалык импорттук өндүрүм органикалык өндүрүмдүн улуттук логотибин жабыштыруу менен кайрадан маркаланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-21)
