# 18-берене. Өткөөл мезгилде өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 18-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-18

---

Өткөөл мезгилде болгон органикалык өндүрүштүн операторлорунун өндүрүмү төмөнкү шартта "өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" катары маркаланат:

1) органикалык өндүрүштүн оператору сертификаттоо боюнча органдын сертификаттоо программасына киргизилгенде жана органикалык өндүрүмдү өндүрүү же кайра иштетүү органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык акыркы 12 ай аралыгында жүзөгө ашырылганда;

2) "өндүрүм өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" деген белги же өндүрүмдүн этикеткасындагы ушуга окшош көрсөтмө түсү, өлчөмү жана жазуу стили боюнча этикеткадагы башка маалыматтан айырмаланбаганда; ингредиенттердин тизмеги өткөөл мезгилдин процессинде өндүрүлгөн ингредиенттерди көрсөтүү менен, алардын саны кемүү тартибинде келтирилгенде;

3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүмгө көрсөтмө сатып алуучуну адаштырууга алып келбеши керек жана бул өндүрүмдү органикалык өндүрүшкө өтүүнү толук аяктаган органикалык өндүрүштүн операторунун өндүрүштүк бирдигинде өндүрүлгөн өндүрүмдөн айырмалоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-19)
