# 17-берене. Кайра иштетилген органикалык өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 17-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-17

---

1. Кайра иштетилген органикалык өндүрүмдү маркалоо төмөнкү учурда өндүрүүнүн органикалык ыкмасына көрсөтмөнү камтып турушу керек:

1) өндүрүштүн же өндүрүмдү органикалык өндүрүштүн талаптарын сактоо менен ташып келүүнүн шайкештиги;

2) кайра иштетилген органикалык өндүрүмдүн шайкештиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан тастыкталганда;

3) маркалоодо сертификаттоо боюнча органдын аталышы жана коддук номери көрсөтүлгөндө.

2. Маркалоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкү көрсөтмөлөрдү камтыйт:

1) "Органикалык өндүрүм/органикалык өнүм": өндүрүмдүн ингредиенттеринин 95 пайыздан кем эмеси салмагы боюнча органикалык алынган, ал эми өндүрүмдүн калган ингредиенттери айыл чарба жолу менен алынган, же болбосо кошулган сууну жана тузду кошпогондо, уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилген заттарды камтып турат;

2) "Органикалыктан (ингредиенттердин аталышы) жасалган": өндүрүмдүн ингредиенттеринин 70 пайыздан кем эмеси, кошулган сууну жана тузду кошпогондо, органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык өндүрүлгөндө. Бул учурда ингредиенттердин тизмеги алардын санынын кемүү тартибинде түзүлүшү жана анын ингредиенттеринин кайсынысы органикалык экендиги көрсөтүлүшү керек.

3. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүмдүн "органикалык өнүмдөрдөн жасалган" жана "өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" деген маркалоонун техникалык шарттарын бекитет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-18)
