# 16-берене. Иштелбеген органикалык өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 16-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-16

---

Өсүмдүктөн же жаныбардан алынган иштелбеген өндүрүм "органикалык" катары маркаланат же төмөнкү шартта этикеткада же органикалык өндүрүш жөнүндө коштомо документтерде көрсөтмөсү болушу керек:

1) өсүмдүктөн жана жаныбардан алынган азыктарды өндүрүү органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкеш келгенде;

2) органикалык өндүрүм шайкештикке тастыкталганда;

3) органикалык өндүрүм сертификаттоо боюнча органдын сертификаттоо программасына киргизилген органикалык өндүрүштүн оператору тарабынан өндүрүлгөндө же ташылып келгенде;

4) маркалоо сертификаттоо боюнча органдын жана иштелбеген органикалык өндүрүмдүн өндүрүлүшүнө жооптуу органикалык өндүрүштүн операторунун аталышын жана коддук номерин камтып турганда.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-17)
