# 15-берене. Органикалык өндүрүмдү маркалоого жалпы талаптар

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 15-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-15

---

1. Ушул Мыйзамга ылайык органикалык катары сертификатталган өнүмдөр органикалык өндүрүм катары маркаланат.

2. Эгер маркалоо өндүрүм же анын ингредиенттери органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык алынган деп сатып алуучу эсептегенге негиз берген терминдерди же символдорду камтып турса, өндүрүм органикалык өндүрүм катары маркаланган деп эсептелет.

3. Органикалык өндүрүмдү маркалоо "органикалык", "биологиялык", экологиялык" деген терминдерди же окшош маанидеги жана алардын "орг", "био", "эко" түрүндөгү кыскарган сөздөрүн камтып турушу керек.

4. Органикалык эмес өндүрүмдүн этикеткаларында улуттук органикалык логотипке же өндүрүм органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык өндүрүлгөндүгү жөнүндө сатып алуучуну түздөн-түз же кыйыр түрдө адаштырган башка логотиптерге окшош пиктограммаларды (сүрөттөрдү, белгилерди, символдорду) пайдаланууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-16)
