13-берене. Органикалык өндүрүштү жүргүзүүнү топтук сертификаттоо жана кепилдик катышуу тутуму (PGS)
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Топтук сертификаттоо органикалык өндүрүштү жүргүзүүнүн окшош тутумуна жана географиялык жакындыгына ээ болгон органикалык өндүрүштүн операторлор тобунун биргелешкен сертификаттоодон өтүүсүнө багытталган.
Бир айылдык аймактын же болбосо бир калктуу конуштун аймагында органикалык өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу катары сертификатталышы мүмкүн.
2. Топтук сертификаттоодо органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу бир бүтүн катары сертификаттоодон өтүшөт жана органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык өндүрүштү өз алдынча сертификттоого укуктары жок.
Топтук сертификаттоодон өтүүнүн эрежелери жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кепилдик катышуу системасы (PGS) органикалык өндүрүштү жүргүзүүнүн сапатын камсыз кылуучу локалдуу багытталган, жергиликтүү рынокторго жана берүүлөрдүн кыска чынжырчаларына атайын көндүрүлгөн тутуму, органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн өз ара жигердүү аракеттеринин тутуму болуп саналат.
4. Кепилдик катышуунун (PGS) эрежелери жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлунун № 400 "Органикалык өндүрүштү сертификаттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.07.2024 · № 400
- Кепилдик катышуу эрежелери жана шарттары жөнүндө ЖОБОПоложение · 19.07.2024 · № 400
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112544/st-13" title="13-берене - Органикалык өндүрүш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>