# 12-берене. Сертификаттоо боюнча органдарды каттоо

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 12-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-12

---

1. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органды каттоону жана сертификаттоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.

2. Сертификаттоо боюнча органды органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизүү анын компетенциясын аккредитациялоо боюнча орган тастыктаган же аккредитация боюнча эл аралык жана региондук уюмдардын макулдашуулары менен аны тааныган учурда жүзөгө ашырылат.

3. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өткөрүп берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-13)
