# 10-берене. Параллель жана бөлөк өндүрүү

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 10-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-10

---

1. Органикалык жана органикалык эмес өндүрүштүк бирдиктердин ортосунда бөлүштүрүү шарттары сакталган учурда, органикалык жана органикалык эмес (салттуу) параллель, бөлөк өндүрүүгө уруксат берилет.

2. Бөлүштүрүү төмөнкү талаптарга негизделет:

1) параллель же бөлөк өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлору бардык операцияларды жана органикалык катары билдирилген өндүрүмдөрдү бүткүл өндүрүштүк чынжыр боюнча так, үзгүлтүксүз жана текшерүүгө жаткандай бөлүүнү камсыз кылат;

2) параллель өндүрүшүнүн органикалык жана органикалык эмес өндүрүштүк бирдиктери физикалык, финансылык жана техникалык параметрлери боюнча бөлүнүүгө тийиш;

3) органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык жана органикалык эмес өндүрүмдүн жана өндүрүштүк бирдиктердин өзүнчө эсебин жүргүзүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-11)
