# 1-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Органикалык өндүрүш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 "Органикалык өндүрүш жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3309/edition/1239228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112544/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Органикалык өндүрүш жөнүндө, 1-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-1

---

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардын, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү субъекттердин ишинин укуктук негиздерин аныктайт жана органикалык өндүрүмдүн төмөнкү түрлөрүн өндүрүү, жүгүртүү, маркалоо менен байланышкан мамилелерин жөнгө салат:

1) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган өндүрүм, анын ичинде балык өстүрүү, балчылык өндүрүмү;

2) айыл чарбасынан алынган кайра иштетилген өнүмдөр;

3) тоют (тоют өнүмдөрү);

4) вегетативдик үрөн материалдары жана өстүрүү үчүн уруктар;

5) тамак-аш же тоют өндүрүмү катары пайдаланылуучу ачыткылар;

6) токойдогу, жапайы өсүмдүктөрдөн жана өсүмдүктүн чийки заттарынан чогултулган жана кайра иштетилген өндүрүм.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу өздүк керектөө үчүн өндүрүлүүчү органикалык өндүрүмдү өндүрүү, жүгүртүү жана маркалоо менен байланышкан мамилелерге, жапайы жаныбарларга аңчылыктан жана балык уулоодон алынган өндүрүмгө жайылтылбайт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өндүрүм органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын эрежелерине жана талаптарына жооп берүүгө тийиш.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112544/st-2)
