# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112541)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112541/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3306/edition/1239216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112541/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112541/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2931-берене менен толукталсын:

"2931-берене. Соода ишин жүзөгө ашырууда азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүү шарттарына карата ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу

1. Азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттен соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан айрым сандагы азык-түлүк товарларын сатып алуусуна байланыштуу соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъектиге төлөнүүчү сыйакынын жана бул товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушул сыяктуу башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдүн, ошондой эле керектөөчү суроо-талапты изилдөөгө төлөмдүн жыйынды өлчөмүн сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынан 5 пайыздан ашык ашыруу же болбосо соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тизмекте көрсөтүлгөн социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн сатып алганына байланыштуу көрсөтүлгөн сыйакыны төлөө, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасына ички соода жөнүндө мыйзамдарда каралбаган сыйакынын түрлөрүн киргизүү, же болбосо мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминде мындай товарларга акы төлөөнүн ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөн ашкан мөөнөтүн белгилөө, же мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект же азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, көрсөтүлгөн товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушуга окшош башка кызмат көрсөтүүлөргө багытталган акысыз кызмат көрсөтүү келишимин (анын ичинде үчүнчү жактар менен), ошондой эле берүү келишимин түзүүдө жана (же) аткарууда (ишке ашырууда) башка келишимдерди түзүүгө жана (же) аткарууга мажбурлоо, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Соода түйүнүн уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ички соода жөнүндө мыйзамдарда төлөмдү алуу, төлөмдү салуу же болбосо чыгымдардын ордун толтуруу боюнча тыюу салынган аракеттерди жасоо, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112541/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112541/st-3)
