# 98-берене. Аткаруу жазуусунун мазмуну

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 98-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-98

---

Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу аркылуу жасалуучу аткаруу жазуусу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) аткаруу жазуусун жазган нотариустун фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде бар болсо), кызмат ордун;

2) өндүрүп алуучунун аталышын жана дарегин;

3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышын жана дарегин;

4) өндүрүп алуу жүргүзүлүүчү мөөнөттү белгилөөнү;

5) өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын өлчөмүн, эгерде кошула турган болсо, анын ичинде туумдарды, пайыздарды;

6) күрөө предметинин аталышын, анын дарегин, менчик ээсинин (күрөөгө коюучунун) атын (аталышын) жана анын дарегин;

7) күрөө келишиминин датасын (жылын, айын, числосун жана реестрдик номерин);

8) өндүрүп алуучу төлөгөн жана карызкор төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын өлчөмүн;

9) аткаруу жазуусу жазылган датаны (жылын, айын, числосун);

10) аткаруу жазуусу реестрде катталган номерди;

11) аткаруу жазуусун жазган нотариустун колтамгасын;

12) нотариустун мөөрүн.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-99)
