# 97-берене. Аткаруу жазууларын жазуунун шарттары

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 97-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-97

---

1. Аткаруу жазуулары төмөнкүдөй учурда жазылат:

1) эгерде берилген документтер карыздын талашсыздыгын же доочунун алдында карызкордун башка жоопкерчилигин тастыктаса;

2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашык эмес убакыт өтсө;

3) эгерде өндүрүп алуучунун анын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө, фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы, алардын жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка маалыматтар камтылган жазуу жүзүндөгү арызы болсо;

4) эгерде карызкордун жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери Кыргыз Республикасынын аймагында болсо.

2. Эгерде ал боюнча аткаруу жазуусу берилген талап үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эскирүүнүн башка мөөнөтү белгиленген болсо, аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-98)
