# 94-берене. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 94-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-94

---

1. Нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды кредиторго берүү үчүн аларды карызкордон депозитке кабыл алат.

2. Акчалай суммалардын жана баалуу кагаздардын келип түшкөндүгү жөнүндө нотариус кредиторго кабарлайт жана анын талабы боюнча ага тиешелүү акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды берет.

3. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу милдеттенмелерди аткаруу жери боюнча нотариус тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-95)
