# 9-берене. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 9-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-9

---

1. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен нускамага ылайык нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жасап жаткан башка ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт.

2. Нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин аткаруусуна контролду Юстиция министрлиги жүргүзөт.

3. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди тариздөө нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалануу менен кагаз жана (же) электрондук түрдө жүргүзүлөт.

4. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо электрондук документтерди пайдалануу тартиби жана нотариалдык иш-аракеттерди электрондук формада жасоо тартиби, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген электрондук документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-10)
