# 86-берене. Электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 86-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-86

---

1. Нотариус же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамды электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.

2. Нотариалдык электрондук документке нотариустун катышуусунда жаран же юридикалык жактын өкүлү кол коет.

3. Нотариус же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы жасалган электрондук колтамганын аныктыгын ырастайт.

4. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча ага электрондук документтеги электрондук колтамганын аныктыгы жөнүндө күбөлүк берилет же ушул Мыйзамга ылайык анын көчүрмөсү даярдалат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-87)
