# 85-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 85-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-85

---

1. Факсимилдик колтамга (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз колу менен кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүнүн бузулушу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өз колу менен коюлуучу колтамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус колтамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга берет.

3. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен коюлган колтамгага толугу менен теңдештирилет.

4. Факсимиле жоголгон жана жаңы штамп даярдалган учурда аны кайрадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-86)
