85-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 12-глава
1. Факсимилдик колтамга (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз колу менен кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүнүн бузулушу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өз колу менен коюлуучу колтамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус колтамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга берет.
3. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен коюлган колтамгага толугу менен теңдештирилет.
4. Факсимиле жоголгон жана жаңы штамп даярдалган учурда аны кайрадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин…Инструкция · 29.12.2023 · № 218
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-85" title="85-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>