# 83-берене. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук түрдөгү документ менен бирдейлигин күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 83-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-83

---

1. Кагаз түрүндөгү документтин электрондук документ менен бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариуска берилген кагаз түрүндөгү документтин мазмунунун электрондук түрдөгү документтин мазмунуна окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус түзгөн кагаз түрүндөгү документтин бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн электрондук түрдөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.

2. Нотариуска берилген электрондук документке квалификациялык электрондук колтамга коюлууга тийиш. Документти чыгарып жаткан жактын квалификациялык электрондук колтамгасы Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык текшерилүүгө жана анын таандыктыгы ырасталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-84)
