# 82-берене. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин бирдейлигин күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 82-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-82

---

1. Электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин бирдейлигин күбөлөндүрүү нотариус даярдаган электрондук түрдөгү документтин мазмунунун нотариуска кагаз түрүндө берилген документтин мазмуну менен окшоштугун ырастоону билдирет. Нотариус даярдаган электрондук документ бирдейлиги нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.

2. Анын кагаз түрүндөгү документке бирдейлигин ырастоо үчүн документти электрондук түрдө түзүү нотариус тарабынан кагаз түрүндөгү документти электрондук документке которуу жана ага нотариус тарабынан квалификациялык электрондук колтамганы коюу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Электрондук документтин форматына карата талаптар Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-83)
