# 80-берене. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 80-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-80

---

1. Нотариус бул документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген шартта юридикалык жактар, ошондой эле жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт.

2. Көчүрмө бөлүк алынган документте бир нече өзүнчө, өз ара байланышпаган маселелердин чечимдери камтылган шартта гана көчүрмө бөлүктүн тууралыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көчүрмө бөлүк белгилүү бир маселе боюнча документтин бир бөлүгүнүн толук текстин чагылдырууга тийиш.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-81)
