# 79-берене. Артында калган жубайдын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 79-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-79

---

1. Жубайлардын бири каза болгондо жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жер боюнча нотариус тарабынан мурасты кабыл алган мураскорлорго кабарлоо менен артында калган жубайынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.

2. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган жубайга нике учурунда жыйналган жалпы мүлктүн жарымына берилет.

3. Мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана артында калган жубайдын макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон адамдын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-80)
