# 76-берене. Мыйзам боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнүн шарттары

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 76-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-76

---

1. Нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу аркылуу мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, мурас ачылган убакытты жана жерди, мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу арыз берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурасты алууга чакыруу үчүн негиз болгон мамилелердин болгондугун, мураска калган мүлктүн курамын жана турган жерин текшерет.

2. Эгерде бир же бир нече мураскор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурастоого чакыруу үчүн негиз болгон мамилелердин далилин берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган болсо, алар мурасты кабыл алган жана мындай далилдерди берген калган бардык мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-77)
