# 75-берене. Мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 75-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-75

---

1. Мураска укук жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мурасты кабыл алган мураскорлорго берилет.

2. Мурасты кабыл алуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген мураскор мурасты кабыл алган башка бардык мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

3. Мураска укук жөнүндө күбөлүк мураскорлордун каалоосуна жараша алардын бардыгына бирге же ар бирине өзүнчө берилет.

4. Нотариус мураскордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жашаган жер боюнча камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскордун атына мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгендиги жөнүндө билдирет.

5. Мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өткөн учурда мураска укук жөнүндө күбөлүк тийиштүү мамлекеттик органга берилет.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-76)
