# 73-берене. Мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 73-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-73

---

1. Мурас ачылган жер боюнча нотариус мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, эгерде ал кабыл алына элек болсо - мурастоого укук жөнүндө күбөлүк мамлекетке берилгенге чейин мураска калтырылган мүлктүн эсебинен төмөнкүдөй чыгымдарды төлөө жөнүндө тескеме берет:

1) мурас калтыруучу ооруп жаткан учурда аны багуу, ошондой эле анын сөөгүн коюу жана сөөгү коюлган жерди абатташтыруу боюнча;

2) мураска калтырылган мүлктү кайтарууга жана аны башкарууга, ошондой эле мураскорлорду чакыруу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоого.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөөнүн башка учурлары да белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-74)
