# 70-берене. Мураска калтырылган мүлктүн тизмеси жана аны сактоого берүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 70-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-70

---

1. Мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн нотариус бул мүлктү тизмелейт жана аны мураскорлорго же башка адамдарга сактоого берет.

2. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк бар болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин мурас калтыруучунун кредиторлору тарабынан доо коюлган учурда нотариус мураска калтырылган мүлктү сактоочуну дайындайт. Нотариус жок болгон жерде аткаруу бийлигинин тийиштүү органы мураска калган мүлккө камкордукка алуучуну дайындайт.

3. Сактоочу, камкордукка алуучу жана мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка жактар мураска калтырылган мүлктү сарптоо, ажыратуу же жашыруу үчүн жана мураскорлор келтирген зыян үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-71)
