# 7-берене. Нотариустун ишиндеги чектөөлөр

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 7-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-7

---

1. Нотариус төмөнкүлөргө укуксуз:

1) нотариалдык. илимий, окутуучулук, эксперттик, чыгармачылык ишти кошпогондо, ишкердик жана башка экономикалык иш менен алектенүүгө;

2) келишимдерди түзүүдө арачылык кызматтарын көрсөтүүгө;

3) өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн (өз жубайынын) туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, анын ичинде асырап алынган балдарынын (кыздарынын), неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан, анын камкорчулугуна (көзөмөлчүлүгүнө) алынган адамдардын атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого;

4) тиешелүү нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда саналган уруксаттарды кошпогондо, жеке нотариус медиатордун ишин жүзөгө ашыра же болбосо Нотариалдык палатада шайлануучу кызмат ордун ээлей алат.

3. Жеке нотариус анын (алардын) катышуусу менен ал медиатор катары иштеген адамга (адамдарга) карата нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-8)
