# 69-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырма

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 69-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-69

---

1. Эгерде мурас калтыруучунун мүлкү же анын бир бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, мурас ачылган жер боюнча нотариус нотариуска, эгерде бул калктуу конушта нотариус жок болсо, анда мураска калган мүлк турган жер боюнча нотариалдык иш-аракетти жасаган аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын кызмат адамына аны кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырманы берет.

2. Нотариус же аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көргөн кызмат адамы аталган чаралар көрүлгөндүгү жөнүндө мурас ачылган жер боюнча нотариуска билдирет.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-70)
