# 63-берене. Ишеним каттарды күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 63-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-63

---

1. Нотариус бир же бир нече жактардын атынан бир же бир нече жактардын атына ишеним каттарды күбөлөндүрөт.

2. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат башка бирөөгө ишенип берүү укугунун шарттары айтылган негизги ишеним катты берүү боюнча же негизги ишеним кат боюнча өкүл ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде жагдайлардан улам аргасыз болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним кат боюнча берилген укуктан көп укукту камтууга тийиш эмес. Башка бирөөгө ишенип берүү тартибинде берилген ишеним катты колдонуу мөөнөтү аны берүүгө негиз болгон ишеним каттын колдонулушунун мөөнөтүнөн ашууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-64)
